ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 11-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 12-13-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
✅УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз.