
ЖК спикери Нурланбек Шакиев “парламент бийликке, президентке, министрлер кабинетине сын-пикир айта албайт” деген сөздү четке какты.
“Акыркы убакта парламенттин дарегине орунсуз сын-пикирлер айтылып жатат. Андыктан “парламентте баары көз каранды, сырттан башкарылат, көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр, сын-пикир айтылбайт” деген сөздөрдү четке кагам. Бизде депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге тыюу жок”, — деди Шакиев.