Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

ШУМКАР-УЯНЫН ТУРГУНДАРЫ ҮЧҮН КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ ЖАНА БАНК КЫЗМАТЫ АЧЫЛАТ!

Талас районунун Сасык-Булак айылында 58 миллион сомго Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө жаңы имарат салына турган болду. 2 кабаттуу имаратта калкты тейлөө борбору (ЦОН), банк кызматтары жана айыл өкмөтү менен кеңештин кеңсеси жайгашат. Жергиликтүү элге ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мындай кадамга барууну айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары колдогон.

 Бүгүн, 15-июлда райондун акими Нургазы Нармырзаев ,айыл өкмөт башчысы  Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Боркеев, курулушчулар жана айыл аксакалдары бүгүн мезгил кутучасын салып, курулушка старт беришти.  

 Каражат жергиликтүү бюджеттен жумшалууда. Курулушту “KG Сервис» ЖЧК жүргүзүп, Октябрь айында бүтүшү керек.
18 Июль 2024 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча