Жогорку Кеңештин төрөгасы Нурланбек Шакиев өлкөнүн мамлекеттик гимнин өзгөртүү керек экенин билдирди. Анын билдирүүсү интернетке тарады.
«Гимнди өзгөртөбүз.Аны кабыл алганда СССРден чыккан маал болчу. Азыр биз бутуна турган ,өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз»,-дейт Шакиев.
Ал гимн тууралуу бүгүн,25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында салтанаттуу иш-чарада сүйлөдү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.Гимдин сөзүн Жалил Сыдыков,Шабданбек Кулиев,музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
2012-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен гимндеги экинчи куплет алынган.