Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Сүрөт-Таштанды, заң жыттанып. Алматыда кароосуз калган балдар табылды

Алматыда батирлердин биринен «маугли» балдар табылды. Бул туурасында Tengrinews.kz басылмасы жазды. Үч бала бир нече жылдан бери Алматынын Медеу районунда апасы менен жашап, бирок анын көзөмөлү жок калган. Алардын мындай абалын кошуна аял аталган басылмага билдирген.

Документтерге ылайык, эки бала 2016-жылы, 2020-жылы алардын иниси төрөлгөн. Кошунасы айткандай, балдар кейиштүү абалда жашап келишкен. Алар жашаган батирде таштанды жана адамдын заңы толуп калган. Ошондой эле кошунасынын айтымында, кичүү баланын кийими да жок болгон.

Ошол эле учурда балдардын эң кичүүсү аутизм менен жабыркашы мүмкүн. «Бала абдан арык, эгер бир нерсе болуп калса, башы менен дубал сүзөт», — дейт кошуна аял. 

Бир нече күн мурун үч бала тең Алматыдагы оор кырдаалдагы балдарды колдоо борборуна жеткирилген. Ал жердеги кызматкерлер балдардын апасы ичкиликке берилип кеткенин, ал эми атасы чогуу жашабай турганын билдиришкен. 

Аталган борбордо балдар 6 айга чейин боло алышат. Андан кийин апасы ичпей, оңолуп калса кайра балдары апасына берилиши мүмкүн.

16 Август 2023 жыл 8:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча