Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан Сүлүктү шаарындагы “Тазасууканал” муниципиалдык ишканасынын жалпы чарбалык ишмердүүлүгүнүн үстүнөн козголуп келген кылмыш ишинин алкагында Сүлүктү ШИИБдин тергөө кызматы кылмыш ишин тергеп, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде Сүлүктү шаарындагы “Тазасууканал” муниципиалдык ишканасынын мурдагы жооптуу жетекчиси 28 жаштагы К.М. жалпы 161 259 сом акча каражаттарын мамлекетке зыянга учуратканы такталган.
Баткен Оиибинин басма сөз кызматы билдиргендей учурда шектүү К.М. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.