Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

20-июнда Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди. Алардын бири уул жана экөө кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Биринчи наристе 1 килограмм 400 грамм, ал эми кыздар 1 килограмм 740 грамм жана 1 килограмм 690 грамм салмакта төрөлгөн.

» Бул 33 жаштагы Чүй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 23-июнда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда«,-деп айтылат маалыматта.

27 Июнь 2023 жыл 12:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча