Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

СҮЙҮНЧҮ! БИРИНЧИ ЖОЛУ ТАЛАСТА ЭЛЕКТРОБУС ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫП БАШТАЙТ!

8 / 100

Сүйүнчү! Жакынкы күндөрү Шумкар-Уя айыл өкмөтү сатып алган жаңы ЭЛЕКТРОБУС жүргүнчү ташуу кызматына чыгат. Каттам Талды-Булактан Талас шаарына чейин жүрөт. 40 орундуу электробустун жол акысы айыл калкынын чөнтөгүнө ыңгайлуу болоорун айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди.
Аталган электробус күйүүчү май керектелбегендиктен, муниципалдык ишканага үнөмдүү да болот. 16 млн. 920 миң сомдук электробусту Шумкар-Уя айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетке чогулган акчага сатып алган. Мындай чечимди айылдык кеңештин депутаттары колдоп берген. Себеби Талас шаарына барууга жол алыс болгондуктан, жол кире да кымбат болуп айыл калкына кыйынчылык жаратып келген.

Шумкар Уя айыл өкмөтү Таластыктар Бакыт Кыдыралиев 4 канал Талас 4 канал

18 Июль 2024 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча