
Россиянын Самара облусунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Арасында кыргызстандыктар бар.
«РИА Новости» жазгандай, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30 чамасында А-300 унаа жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra унаалары сүзүшүп, анын кесепетинен 6 адам каза тапкан.
Дагы 8 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсык Hyundai үлгүсүндөгү унаанын каршы тилкеге чыгып кеткенинен улам болгон. Кырсыктан улам жеңил унаанын айдоочусу жана төрт жүргүнчү – бардыгы башка өлкөнүн жарандары – каза болушкан. Ал эми Stepwgnдун бир жүргүнчүсү да окуя болгон жерде каза болгон, айдоочу жана жети жүргүнчү учурда медициналык жардам алууда.