Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык
кызматынын делегациясы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгынын жана Атайын
багыттагы полкунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Таанышуу иш сапарынын жүрүшүндө коноктор ички аскерлерге жүктөлгөн
милдеттерди аткаруу үчүн аскер кызматчыларынын курал-жарактарынын,
автомобилдик техникасынын жана аскердик жабдууларынын үлгүлөрүнө күбө болушту.

Андан соң конокторго Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Ички аскерлери тууралуу видеоролик тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин
командачысы полковник Дамир Алыбаев өз сөзүндө ички аскерлердин
өзгөчөлүгү менен аскер кадрларын даярдоо зарылдыгын белгиледи

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин
федералдык кызматынын директорунун орун басары-статс-катчы
генерал-полковник Олег Плохой Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички
аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаевге делегациянын жылуу
жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү чөйрөсүндө тыгыз өз
ара аракеттенүүгө жана мындан ары жемиштүү кызматташууга даярдыгын
белгиледи.

Мындан тышкары, Россгвардиянын ѳкүлдѳрү Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун жетекчилиги менен
жолугушту.

Жолугушууда Полктун командири Майрамбек Имангазиев белгилегендей, Россия
Федерациясынын Россгвардиясы мамлекетинин коопсуздугун камсыздоо
жаатында эң маанилүү тутумдарынын бири экенин билебиз, ошондуктан
бүгүнкү жолугушуу биз үчүн абдан маанилүү, анткени Ички иштер
министрлигинин Атайын багыттагы полк менен Россгвардиясынын коомдук
коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин
коргоо жаатында ар тараптуу кызматташуусу эки мамлекеттин укук коргоо
органдарынын биримдигин бекемдѳѳгѳ ѳбѳлгѳ түзмѳкчү.

Андан соң, Россгвардиянын ѳкүлдѳр Атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгү
менен таанышып, ИИМдин негизги күчү болгон Атайын багыттагы полкунун
ѳздүк курамы атайын тактикалык машыгуу ыкмаларын атайын техниканын
жардамы менен массалык башаламандыктарга жана кооомдук тартипти
бузууларга бѳгѳт коюу боюнча тактикалык ыкмаларын, Полктун ишмердүүлүгүн
чагылдырган видеоролик кѳрсѳтүлдү. Ошондой эле автоунаадагы куралчан
кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын тактикалык  ыкмалар кѳрсѳтүлдү.

От admin