Пригожинге козголгон кылмыш иши токтотулган жок
Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иши жабыла электигин РИА Новости басылмасы Башкы прокуратурадагы булактарына таянып билдирди.
«Пригожинге карата кылмыш иши токтотула элек», - деп билдирди булак.
24-июнга караган түнү Вагнердин аскерлери Ростов-на-Донудагы Түштүк аскер округунун штаб-квартирасын басып алышкан. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
26 Июнь 2023 жыл 13:52