Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Президенттин чакырыгын улай Кант шаарынын мэриясы Ысык-Ата дарыясынын жээгин тазалашты

Кант шаарынын мэриясы Ысык-Ата дарыясынын жээгин тазалоого чыгышты. Бул тууралуу мэр Улан Малибашев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мэриянын кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жаратылышка аяр мамиле жасоо демилгесин үлгү катары кабыл алышкан.
Ошентип, муниципалдык кызматкерлер «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” ураанын астында Ысык-Ата дарыясынын жээгин таштандылардан тазалоо менен Кыргызстандын жаратылышын келечек муундарга сактап калууга умтулушарын белгилешти.
Бул демилгени колдоо сунушун Кант шаарынын мэриясы Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аппаратына узатты.

24 Август 2024 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча