Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Президент Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык жаңы автоунааларды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент өз сөзүндө бүгүнкү күндө ыкчам аракеттин негизинде өлкөдө этап-этабы менен аймактык-административдик реформа жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын натыйжасында Нарын дубанында 63 айыл өкмөтүнөн ирилештирүүдөн кийин 27 айыл өкмөтү түзүлгөн. Бул мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттыруу максатында кабыл алынган чечим болду.
Садыр Жапаров ошол 27 айыл өкмөтүнө кызматтык 27 жаңы автоунаа тапшырды.
Реформанын натыйжасында Нарын облусу боюнча 113 млн сом акча каражаты үнөмдөлдү. Мындан сырткары, Министрлер кабинети тарабынан социалдык-экономикалык абалды жогорулатууга түрткү катары жалпы 270 млн сом акча каражаты бөлүнүүдө. Ошондой эле жайыт, таза суу, сугат суусу жана таштанды маселелерин реформалоо менен кошумча 110 млн сом түшүүдө.
Бул акча каражаттар жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга, айыл аймактарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

3 Октябрь 2023 жыл 6:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча