Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Президент күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

Президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеп келген балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшрыды.

Ошентип, алтын медаль алган — Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго 1 млн сомдук сертификаттар тапшырылды. Ал эми күмүш медалдын ээси Айпери Медет кызына 750 миң сом, коло медалды багындырган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом берилди.

Ошондой эле жеңишке кошкон салымы үчүн чемпиондордун машыктыруучулук курамына да акчалай сертификаттар тапшырылды.

26 Сентябрь 2023 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча