Париждеги (Франция) Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча курама командасынан 10 спортчу катышаары белгилүү болгон.
Грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштөн 10 өкүл Франциядагы дүйнө чемпионатында, ошондой эле Бишкек менен Стамбулда өткөн Азия жана Дүйнөлүк лицензиялык турнирлерде тандалып алынган.
Олимпиада оюндарында 10 балбан Кыргызстандын курама командасы үчүн рекорд койду. Токио оюндарында 2021 — жылы күрөштүн 9, 2004-жылы Афинада 8 өкүл катышкан.
Спорттук күрөш боюнча Париж Олимпиадасынын турнири 5-10-август күндөрү өтөт.