Ош эл аралык аэропортунан 504 жүргүнчү Мединага (ажылык зыяратка) алгачкы үч каттам учту. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.
Белгилеп кетсек, каттамдар атайын зыяратчылар үчүн ачылды
“Быйыл ажылык зыярат салтанаттуу түрдө ачылып, ага Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов, Ош казыятынын башчысы Мирлан Аджи Токтомушев жана Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради катышты”, — деп айтылат маалыматта.
2024-жылы ажылык сапарга төрт миңден ашык адам барары пландалууда.