Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ош шаарындагы 5 турак үйдү өрт каптады

Ош шаарында жанаша жайгашкан 5 турак үй өрттөндү.Күбөлөрдүн айтымында, өрт кырсык кечээ, 7- июлда Закиров көчөсүндө катталган. Өрт 3 саатта толук өчүрүлдү.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 11:16да 1 бөлүм барып, андан соң кошумча 4 бөлүм, жалпы 5 бөлүм тартылган.

Закиров көчөсүндөгү №120 турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 700 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен. Жанаша жайгашкан №118 турак үйдүн 250 чарчы метр аянты, №116 турак үйдүн 98 чарчы метр, №114 турак үйдүн 240 чарчы метр, №112 турак үйдүн 20 чарчы метр аянттары толугу менен күйүп кетти. Өрт саат 15:08де толугу менен өчүрүлгөн.

8 Июль 2024 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча