Бүгүн, 17-июнда эртең менен Ош шаарынын Т.Касымбеков көчөсүнө ичеги- карын төгүп кетишкен.
Күбөлөрдүн айтымында, аталган көчөнүн 100 метрдей жерине ичеги-карындар төгүлүп, жолду бойлой чачылып калган.
Ал эми Ош ШИИБ милициянын кайгуул кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, айдоочуга айып пул салынып, жол тазаланды.
«1958-жылы туулган Ж.И.Т. Ош шаарындагы мал союучу жайлардын биринен ичеги- карындарды «ЗИЛ» унаасына жүктөп, таштанды талаага бараткан учурда Касымбеков көчөсүнө ичеги-карындар төгүлгөн. Аталган унааны ээсин кайгуул кызматкерлери кармап, 7500 сом айып пул салынды. Ошондой эле жолдогу ичеги-карындар тазаланып, жуулду», — деп айтылат маалыматта.