Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаардык Мэриясынын көмөгү менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, Ош шаардык Мэриясы, бажы кызматы, Түштүк аймактык дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти, фармацевтикалык ишканалар, калкты тейлөө борборунун, прокуратура органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жаштардын арасында дарыканага болгон көз карандылык» деген темада тегерек стол өткөрдү.
БМЖКККнын кызматкерлери күчтүү таасир берүүчү заттарды камтыган дары-дармектерди өспүрүмдөргө тиешелүү рецептсиз берүү маселесин айтып чыгышты.
Бул дарыларды дарыгердин рецептисиз колдонуу адамдын бүт организмине терс таасирин тийгизип, анын борбордук нерв системасын, ички органдарын бузуп, ошондой эле көз карандылыкты жаратат.
Иш-чаранын катышуучулары күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган дары-дармектерди чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу айтышты.
Эгерде сиз баңгизаттарды жайылтуунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар жөнүндө кабардар болсоңуз, төмөндө көрсөтүлгөн атайын номерлер боюнча анонимдүүлүк шарттарында бөлүшө аласыз, ошондой эле биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жаза аласыз.
Бирдиктүү номер: 102
0312 66 06 16
0312 66 02 44