Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти.
Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
Ош шаары боюнча:
Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.