Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
876ca146 a719 4097 a5d0 821f476ceec7

Орусияда эки киши сууга чөгүп өлгөн мигрант менен сүрөткө түшүшкөн

8 / 100

Орусиянын Калуга облусунун эки тургуну сууга чөгүп каза болгон мигранттын жансыз денеси менен сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырышты. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Товарково айылында эки киши суу сактагычтын жээгинен чөгүп кеткен адамдын сөөгүн табышкан. «Тез жардам» кызматын чакыруунун ордуна, алар адаттан тыш көңүл ачууну чечишкен. Тагыраагы алар жансыз дене менен сүрөт жана видеого түшүшкөн.

Телеграм канал маркум Өзбекстандан келген мигрант экенин жазды. Анын өлүмүнүн себеби азырынча маалымат каражаттарына белгилүү эмес, бирок сөөктү тапкан адамдардын мындан аркы тагдыры тууралуу маалыматтар буга чейин эле белгилүү болгон.

Телеграм канал маркум менен тартылган видеонун 40 жана 42 жаштагы катышуучулары эми беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазды. Аларга карата “Маркумдардын сөөгүн мазактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

24 Июль 2024 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча