
Москванын жанындагы Красногорск шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары катышкан массалык мушташ чыккан. Аталга окуянын видеосу Mash Telegram каналына чыкты.
«Өзбекстандын 13 жараны Кыргызстандын беш, Тажикстандын төрт жарана кысым көрсөтө баштаган. Полиция өз убагында жетип, чогулгандарды чачыратууга аргасыз болгон. Аларды короолордон кармоого туура келген», — деп жазылат чет элдик маалыматтарда.