Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Орусия кыргыз балыгын жана сүт азыктарын ташыган компанияларга чектөөнү алды

Орусия кыргыз балыгын жана сүт азыктарын ташыган компанияларга чектөөнү алды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Россельхознадзор төрт балыкты кайра иштетүүчү жана үч сүттү кайра иштетүүчү ишканасына коюлган убактылуу бөгөттү алып салып, аларга экспортко уруксат берди.

Орусияга жалпысынан балык боюнча 10 жана сүт азыктарын ташыган 7 ишкана уруксат алган.

Белгилей кетсек, Россельхознадзор 2023-жылдын башында Кыргызстандагы бардык ишканалардын балык азыктарын сертификациялоону токтотууну суранып, экспорттоого тыюу салган.

3 Июнь 2024 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча