Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Орозо айт качан болоору белгилүү болду

8 / 100

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталган.

1 Апрель 2024 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча