Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү жана медаль ээлери мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алышат

Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына стипендиялар жөнүндө жобого ылайык, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү жана медаль ээлери мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алышат.

1-орунга айына 30 000 сом, 2-орунга 25 000, 3-орунга 20 000 сом.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору да өмүр бою 20 миң сом стипендия алуу укугуна ээ болушат. Бирок эгер спортчу дүйнөлүк чемпионатта 1-орунга ээ болсо жана Олимпиадада байгелүү орунга ээ болсо, бир гана стипендия алат.

Учурда Кыргызстандан төмөнкү 6 спортчу өмүр бою стипендия ала алышат:
25000 сом ала тургандар:

Айсулуу Тыныбекова

Акжол Махмудов

Мээрим Жуманазарова

Мунарбек Сейитбек уулу

20000 сом ала тургандар:

Жоламан Шаршенбеков

Үзүр Жузупбеков

28 Август 2024 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча