Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Облустук командаларды түп тамыры менен жоюп. Икрамов көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштоодо

Депутат Тазабек Икрамов көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды:

«Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине,

“Көк бөрү” Эл аралык ассоциациясынын президенти Зулушев Курманкул Токторалиевичке,

“Көк бөрү” федерациясынын президенти Бегалиев Талас Кубанычбековичке

“Көк бөрү” оюуну ата мурасыбыз, кан-жаныбызга сиңген оюн. Бул оюн жөн гана көңүл ачуу же, жигиттердин тайманбастыгын сыноо эмес, патриоттуулукка тарбиялаган, намысыбызды бекемдеген аздек таберигибиз. Улуттун баалуулугун сактоодо, намыстуу эр жигиттерди тарбиялоодо, салт-санаабызды жайылтууда бул оюндун орду ат көтөргүс. Ушул мезгилге чейин бул намыс талашкан оюунубуз өз милдетин так жана ашыгы менен аткарды деп ойлойм. Ар бир нерсенин өз учуру болгондой эле акыркы окуялар бул “Көк бөрүгө” башка өң, башка жүз берүү заман талабы экенин көргөздү. 31-август Эгемендүүлүк күнү Ош областынын Төлөйкөн ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Менин жеке сунушум; мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен) клубдук командаларды түзүү мезгил талабы. Республикалык маанидеги “Көк бөрү” оюунуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир региондон, тактап айтканда ар бир областан бирден оюунчу катышуусу керек. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу мындан ары көбөйө берет. Ал эми колдоочулар, фанаттар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатак чыгуусун алдын алат. Эгерде, ар бир областан улакчыларды курамына албаган командаларды оюунга катушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл. Ошол эле учурда, мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбойлу. Менин бул сунушумду эске алып, тиешелүү жетекчилер жана министрлик бул жобону тез арада иштеп чыгат деп терең ишенем!

Урматоо менен Жогорку Кеңештин депутаты, Тазабек Икрамов»,-деп жазган ал.

5 Сентябрь 2023 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча