Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
images 6 e1730275752277

«Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары кадимки режимде ишин улантат

8 / 100

«Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары кадимки режимде ишин улантат

Административдик соттун чечими менен Кожевенная («Дордой» базары), ошондой эле Сүйөркулов (Орто-Сай базары) көчөлөрүндөгү жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды. Жер тилкелери кийим-кече базары үчүн колдонулат.

Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү токтомуна ылайык, «Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган базарлар, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча  департаментинин алдындагы “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканасы  менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштей баштайт.

Учурда базарлардагы соода объектилерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, соодагерлер менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул документ базардагы соодагерлерге өз ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, Оберон жана Оберон-Форт базарлары кадимки режимде иштейт.

Мындан тышкары, базар администрациясынын кызматкерлерине аталган базарларды Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү  башкаруу боюнча департаментине өткөрүп берүү, базарлардын администрациясында жайгашкан мүлктөрдү инвентаризациялоо, базардын администрациясынын имаратынын эшик кулпуларын алмаштыруу, администрациясынын кызматкерлерине жеке жана баалуу буюмдарды алып кетүүгө убакыт берилди.

30 Октябрь 2024 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча