КР УКМК миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тигүү цехинин ээси тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана кызматкерлердин тийиштүү эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатында одоно мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
УКМКнын маалыматы боюнча, цехтин ээси Түштүк Азиядан 30 чет элдик адамды жумушка алдап чакырып алган. Бирок аларды күчүн колдонуп, айлык төлөбөй, жашаганга шарт түзүп бербей иштетип келген. Атургай милиция кызматкери менен сүйлөшүп алып, тигүүчүлөрдүн паспортторун алып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн камайбыз деп коркутуп келишкен.
“Чет элдик жарандар эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген”, — деп билдирди УКМК.
Кылмышка шектелип тигүүчү цехтин ээси менен милиционер кармалды.
КР УКМК мындай иш-аракеттер административдик жоопкерчиликти гана эмес, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине да алып келерин эскертет. Андыктан, чет өлкөлүктөрдү тарткан иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон документтерди толтурууга, бардык келишимдик мамилелерди аткарууга жана сапаттуу эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.