Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
й2

Ноокатта өзгөчө оор өлчөмдө баңгизат табылып,шектүү кармалды

12 / 100

2024-жылдын 5-июль күнү «МАК-2024» операциясынын алкагында «Кара-Куурай»
аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун
Лейлек районунун аймагында «Ө» аттуу адам өзгөчө ири өлчөмдө афган
тектүү баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү
тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына
ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ычам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 2024-жылдын 5-июлунда
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, айдоочусу
Ноокат районунун тургуну 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран болгону
аныкталган.

Автоунааны тинтүү учурунда пияз салынган баштык табылып, анын ичинде
скотч менен оролгон брикет болгон жалпы салмагы 2 кг 900 граммды түзгөн
өзгөчө жыты бар ооган тектүү “гашиш” заты табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат ооган
тектүү «гашиш» баңгизаты экени аныкталган.

Кармалган 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын
КЖПКнин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо
боюнча тийиштүү иш-чаралар улантылууда.

й1
й2
й3
9 Июль 2024 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча