
Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада белгисиз адамдар башка бирөөнүн велосипедин дээрлик толугу менен ажыратып салышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайты окуянын күбөлөрүнө таянып билдирди.
Маалыматка караганда видео 15-август күнү кечинде тартылган. Велосипедден руль жана негизиги корпусу гана калган.
«Аталган видео жарыялангандан кийинки күнү велосипеддин ээси редакцияга кайрылган. Ошол күнү үйгө алып кете албай калгандыктан кулпу менен бекитип кеткенин айтты»,-деп жазган басылма.