Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылган киши муунуп каза болду

8 / 100
656e4d68 e7b1 4b79 bcb2 aaa5e2cb1cfe

Нарын шаарында окуучу кыздарга бир топ жылдан бери ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам 14-апрелде муунуп каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалады.

Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылган. Бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып, өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн анонимдүү түрдө жазып жатышкан.

Коомчулукта ал мугалимди жоопко тартуу талабы айтылып жаткан. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы фактыны териштирип баштаган.

15 Апрель 2024 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча