Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
Без названия 1 1

Мыйзамсыз менчиктештирилген Балыкчы автовокзалы мамлекетке кайтарылды

9 / 100
Без названия 2

Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын автовокзалы мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап киргизилип, Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17-Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 га болгон, орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөн Балыкчы автовокзалы мамлекетке кайтарылды.

12 Июль 2024 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча