КР УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте «Слово божье» (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды. Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.