Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Мурдагы примьер-министр Игорь Чудинов кызматка дайындалды

«Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын башкы директору болуп Игорь Чудинов дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жаңы кызматка 7-майда бекитилген. Чечим компаниянын директорлор кеңешинин 6-майдагы протоколуна ылайык кабыл алынган.

Министрлик мамлекеттик кызматка дайындалыш үчүн ар бир талапкер тиешелүү текшерүүдөн өтөрүн белгилеген.

«Чудинов 2005-2007-жылдары өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп иштеген. Энергетика тармагындагы тажрыйбасы эске алынып, «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

14 Май 2024 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча