Москвада 23 жаштагы кыргыз кызы зордукталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы кыз 16-августка караган түнү борбор калаанын түштүгүндө жердеши тарабынан зордукталганы тууралуу арыз полицияга менен кайрылган.
Белгилүү болгондой, кызды жердеши өлтүрөм деп коркутуп, тапанчага окшош нерсе менен коркутуп, турак үйдүн таштанды топтогон жерине алып барып зордуктаган.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, кылмышын мойнуна алган. Териштирүү иштери жүрүүдө.