Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Монголиянын Орусия жана Кытай менен чектешкен аймактарында кара тумоо катталды

Монголиянын 17 облусунда, анын ичинде Орусия жана Кытай менен чектешкен аймактарда кара тумоонун 137 табигый очогу катталган. Бул тууралуу ТАСС Монголиянын зооноздук инфекцияларды изилдөө боюнча улуттук борборуна шилтеме кылып билдирди.

«Орусия менен Кытайдын чек арасындагы батыш аймактары кооптуу зонага кирет, ал жерде жыл сайын чума менен ооругандар катталат», — деп айтылат борбордон. Оору адамга жаныбарлардан, анын ичинде эт жегенде жугат.

Роспотребнадзор Орусия менен чектеш аймактардагы жаратылыш очокторунун абалын «көзөмөлдөп турганын», ал эми табигый очоктордун аймактарынын тургундары дайыма эмдөөдөн өтүп жатканын билдирди. Министрликтин билдирүүсүндө, Орусияда 2017-жылдан бери адам чума менен ооруган учурлар катталган эмес.

26 Июнь 2023 жыл 8:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча