Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Министр: Эл жарыкты үнөмдөбөсө, үнөмдөткөнгө мажбур болобуз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Бишкек ТЭЦине барып, энергетиктердин күз-кышка даярдыгын текшерген. Анын алкагында Энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттердин «кышкысын электр энергиясы өчүрүлбөйбү?» деген суроосуна жооп берди.

«Электр энергиясын алып жаткан кардардын техникалык шарты болот. Ошондой ашырбай колдонушу талап кылынат. Ар бир абонент өзү үнөмдөшү керек, антпесе биз үнөмдөткөнгө мажбур болобуз. Айрыкча көп колдонулган маалда (час пик), мисалы, кечинде 19:00дөн 21:00гө чейин, эртең менен 6дан 9га чейин. Эгер биз чектебесек, трансформаторлордун кубаттуулугу жетпей күйүп кетиши мүмкүн. Бизде авариялык запас ченемдүү эле. Эгер өчүп калса жумалап жарыгы жок отуруп калышат», — деди министр.

29 Сентябрь 2023 жыл 8:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча