Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 06 21 at 14.58.24

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

10 / 100

2024-жылдын 20-21-июнунда Вашингтондо өткөн жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштү туруктуу каржылоо жана психикалык ден соолукту колдоо боюнча Эл аралык диалогдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Европа жана Борбордук Азия боюнча адам өнүгүүсүнүн аймактык директору Михаил Рутковский жана Хуан Пабло Урибе  менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

“Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын” ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын экинчи кварталында 8,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат түшүп, дагы 22,0 млн АКШ доллары артыкчылыктуу багыттар аяктаганга чейин бөлүнөт.

Ошондой эле техникалык жардам жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн өтө зарыл болгон товарларды алуу үчүн жалпы бюджети 11,45 миллион долларды түзгөн Кошумча гранттык каржылоого кол коюу зарылчылыгы маселеси талкууланууда.

Маалымат үчүн: “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы” 2020-жылдан бери ишке ашырылып келет. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык тейлөөнүн сапаты жана иштеген жеринде квалификациясын жогорулатуу көрсөткүчтөрү боюнча отчетторду чогултуу жана берүү үчүн улуттук электрондук платформалар түзүлгөн. 53 ден ашык саламаттык сактоо уюмдарына лабораториялык жабдуулар сатылып алынган. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна симуляциялык жабдуулар сатылып алынган.

21 Июнь 2024 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча