Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 07 16 at 09.37.49

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

10 / 100

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупция
жана опузалоо менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча
козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан пара
талап кылуу фактысы аныкталды.
Такталгандай, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык
тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б.
жеке баюу максатында алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип
жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160
миң сом талап кылышкан.
2024-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички
иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин
натыйжасында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция
кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып
жаткан жеринен кармалган.
2024-жылдын 13-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын
жыйынтыгы менен М.Б.А. жана М.Б.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси
боюнча кылмыш жасаган деген шек менен тергөө камак жайдын убактылуу
кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси
бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

16 Июль 2024 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча