Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

“Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын тартып алган. Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын
ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. аттуу жаран кармалды. Маалыматты УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.
Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө
иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды
аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

7 Июль 2023 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча