Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
MyCollages 28 1

“Менин бир туугандарым Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес. Садыр Жапаров алтын боюнча талкууларга жооп берди

8 / 100

Өлкө башчысы алтынды өндүрүү жана сатуу толук көзөмөлгө алынганын айтат.

Анын билдирүүсүнө караганда, бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштөрдүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейин онлайн көзөмөлдө турат.

“Өлкө боюнча 132 алтын кени иштеп атат. Мунун ичинен болгону 17 эле алтын кенинде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө. Эч бир мамлекеттик кызматкерде бир грамм дагы алтын уурдаганга мүмкүнчүлүк жок”, — дейт Садыр Жапаров.

Президент Исхак Масалиевдин агасы Сабыр Жапаров боюнча айтканына дагы жооп берди.

“Менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчаңдап жашабайт. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар”, — дейт Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы атайын комиссия түзүп, ага Исхак Масалиев,  Адахан Мадумаров же Болот Темировду жетекчи кылып, алтын же башка тармактагы уурулук боюнча маалыматты текшертүүгө даяр.

“Бизге (бийликке) бул пайда гана алып келет. Ууруларды он эселеп, жүз эселеп кайра кайтартканга даярбыз. Бирок “Сойку кайнене келининен шек санайт” боло беришпесин. Ошентип айтып койгула. Анан жөн эле болор-болбос жалган же жасалма видео-материалдарды элге жайылтып, арам ойлорун ишке ашырабыз дегендерге көңүл бурбайбыз”, — дейт ал.

17 Май 2024 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча