
Жогорку Кеңештин депутаты бүгүнкү жыйында Шарапаткан Мажитова паранжы маселесин көтөрдү. Ал Өзбекстандын парламенти кабыл алган мыйзамды мисал келтирди.
«Бул мыйзам бизге дагы керек. Акыркы күндөрү көзүн гана көрсөтүп паранжа жамынгандар өтө көбөйүп жатат. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, салынсын. Бирок бетин чүмкөгөнү, өзүнүн адамдык жүзүн чүмкөп алганы бул өтө кооптуу, коопсуздукка дагы таасирин тийгизет. Мурда дагы Дин башкармалыгына айткан элем. Ушуга катуу тапшырма берип, мамлекеттик чара көрбөсөк болбой калды», — деди депутат.
Бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма берилмей болду.
Эске салсак, Өзбекстандын парламенти бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алган.