Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агентствосунун директору Д.Бостонов жана “Манас эл аралык аэропорту” ААК Коммерциялык директору А.Мамаевдан турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосундагы түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү Малайзияда жүргүзүүдө.
2024-жылдын 10-июнунан тартып 12-июнуна чейинки мезгилде Малайзиянын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен делегациянын жолугушуулары пландаштырылган.
Ү.ж. 10-июнунда Малайзиянын транспорт министрлигинин авиация департаментинин директорунун орун басары Х.Халил жана Малайзиянын Жарандык авиация башкармалыгынын директорунун башкы жардамчысы А.Хитам менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргызстанда жарандык авиациянын өнүгүшү жөнүндө кеңири презентация жасап, малайзиялык авиакомпанияларга Бишкекти транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген бешинчи даражадагы аба эркиндиги бериле тургандыгын ырастады, ошондой эле Малайзия тарапка өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Малайзия тарап ата-мекендик авиакомпанияларын эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакаттамдарды ишке ашыра турган ата-мекендик авиакомпаниялардын демилгелерин толугу менен колдой тургандыгын ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашышты.
Делегациянын иш сапары Малайзиянын Премьер-министри А.Ибрагимдин үстүбүздөгү жылдын 15-16-майындагы Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.