
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыпов Бишкек шаары жана Чүй облусунун Техникалык көзөмөлдөө жана Жол көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугун камсыздоо багытында жумушчу кеңешме өткөрдү.
Анда алыскы аймактарга каттаган такси кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө менен бирге жол кырсыктарынын алдын алуу багытында төмөнкү талаптарды тез аранын ичинде аткаруу тапшырмалары коюлду.
-Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында маршруттук унаалардын айдоочуларына бир айдын ичинде эки жолу жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү сабактарын өткөрүү;
-Тез аранын ичинде маршруттук унаалардын соңку аялдамаларына жана өлкө аймагындагы баардык май куйуучу жайларга айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн кан басымын өлчөөчү электрондук аппараттарды орноштуруу;
-Баардык маршруттук унаалардын ичине жарандарыбыз түз кайрылуу үчүн ЖКККББнын (0777) 102-102 ишеним номурун камтыган эскертүү буклеттерин иштеп чыгып, аларды чаптоо;
-Автобекеттерден таксилер жана маршруттук унаалар каттамга чыгуу учурундагы убакыт сааттары атайын журналдарга сөзсүз катталуусун көзөмөлгө алуу;
-Жол жээгиндеги орун алган күйүүчү май, көмүр өңдүү баш аламан-соода сатыктардын жүргүзүлүүсүнө жол бербөө багытында бир канча талап тапшырмалар коюлду.