
Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы май куйган жайлардын бириндеги жарылуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Министрлик Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө мекендештер менен ыкчам аракеттенүү жана өз ара тыгыз байланышта болуу үчүн «Ыкчам линия» телефондору иштеп жатканын эске салат: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285- 50-47.
Белгилей кетсек, Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуужарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.
Акыркы маалыматтарга караганда, жарылуудан 35 адам каза болду, жабыркагандардын саны 100гө жетти.