Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
9092cc89 9fa9 4172 b449 db15fbcc8a25

MBANK алдамчылыктын жаңы түрү тууралуу эскертет:сак болуңуз!

10 / 100
9092cc89 9fa9 4172 b449 db15fbcc8a25

ААК»Коммерциялык банк Кыргызстан»MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте шылуундардын каржылык маалыматтарга кирүү аракетинин жаңы ыкмасы пайда болгондугу тууралу кардарларына эскертет.

Алдамчылар .apk кеңейтүүсү менен,бирок «сурөт»дегент аталыштагы файлды мессенджерлер аркылуу жөнөтүшөт. Билдирүүдө адатта :»Сүрөттөгү сенсиңби?» же «Сизди бул сүрөттө таанышты» деген сөздөр камтылган. Бул файл кызыктуу көрүнөт,бирок чындыгында зыяндуу программа орнотуу үчүн файл.

Файлды ачкандан кийин вирус түзмөккө кирип кетет,ал атыгүл эки факторлуу аутентификацияны да өтүп жеке маалыматтарга анын ичинде каржылык каражаттарына кире алат. Ошентип,шылуундар коопсуздуктун көп катмарын айланып өтүп,сиздин эсепттеринизден акча уурдашы мүмкүн.

Алсак,акыркы маалыматтар боюнча ,2024-жылдын январь айынан бери ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» MBANK тиркемесине байланыштуу аракеттер боюнча 1288ден ашык билдирүүлөр «Кылмыштын бирдиктүү реестри»автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган. Текшерүүлөрдүн негизинде,анын ичинен алдамчылык боюнча 550 кылмыш иши козголгон.

Мындай шылуундуктан кантип коргонуу керек?

1.Шектүү файлдарды эч качан ачпаңыз. Эгер сизге бейтааныш файл же шилтеме менен билдирүү жөнөтүлсө,билдирүү сиз тааныган адамдан келген сыяктуу болсо дагы,жөнөтүүчүнүн тастыктоосусуз аны ачпаныз.

2.apk кеңейтүүсү менен файлдарды орнотууга болбойт. Бул орнотуу файлдары .Алардын курамында вирустар болушу мумкун ,айрыкча алар белгисиз булактардан келген учурда.

3.Күтүлбөгөн тиркемелери бар билдирүүлөрдү кылдат текшериңиз. Алдамчылар көбүнчө социалдык инженерияны кызыгуу же коркуу аркылуу колдонушат. Эгер билдирүү шектүү же күтүүсүз болуп көрүнсө,аны менен аракет этпениз.

4.Белгисиз булактардан келген колдонмолорду орнотууну өчүрүңүз. Бул сиздин түрмөгүңүзгө кесепеттүү программанын орнотулуп калуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.Телнфонуңуздун жөндөөлөрүнөн сиз расмий дүкөндөн башка жүктөлгөн тиркемелерди орнотууга тыюуу салган опцияны таба аласыз.

Бул сунуштарды аткаруу шылуундардын тузагына түшүп калуу коркунучун олуттуу деңгээлде азайтууга жана каржы жана жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

ААК Коммерциялык банк Кыргызстан MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кардарларын сак жана этият болууга чакырат! Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калган болсоңуз,тез арада чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз. MBANK байланыш борбору 3333

MBANK-Биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы

24 Октябрь 2024 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:
Бейшемби
5 Бештин айы 2024

Тема боюнча