
Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 24-сентябрда Кубанычбек Самаковду №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кубанычбек Самаковго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда добуштарды электрондук түрдө жана кол менен саноодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан.