Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
Без названия

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелген кызматкердин кармалышынын чоо-жайы

8 / 100

 

ИИМдин Ички иликтөө кызматы жана Октябрь райондук ички иштербашкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттыкменен пайдаланып, адамды кооптуу абалда калтырган милиция кызматкерикармалды.Окуя өспүрүм геморрагиялык инсульт диагнозу менен ооруканага түшкөндөнкийин гана белгилүү болгон.  2024-жылдын 5-июль күнү 16 жаштагы жаран Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине тез жардам менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

  Окуя тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кабарланган.Милиция кызматкерлери баланын ооруканага түшүп калышына себеп болгон жагдайларды аныкташкан. Маалым болгондой, 5-июлда өспүрүм балдарга формачан адам кайрылып, коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандыгы үчүн айып пул менен коркуткан.Формачан адам милиция кызматкери экени аныкталаары менен ИИМдин Ичкииликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаралары өткөрүлгөн.

   Бишкекшаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери тамеки тарткандыгы үчүн айып пул менен коркутуп, 1000 сом алган. Мындантышкары, өспүрүм күтүлбөгөн жерден жаман болуп калганда, тийиштүү жардам берген эмес.Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси (кооптуу абалдакалтыруу) боюнча кылмыш иши козголду

  2002-жылы туулган С.Б., Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери кылмышка шектүү катары кармалып, КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери Октябрь райондук ичкииштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

  Сот тарабынан аталган кызматкерге карата баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган.Коомчулук ички иштер органдарынан укук тартибин жана коопсуздукту камсызкылуу боюнча натыйжалуу ишти, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө олуттуу натыйжаларды күтүүдө, бирок айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен бул багытта жасалып жаткан бардык күч-аракеттерди жокко чыгарып салышат жана укук коргоо системасынын беделин түшүрүшөт.

  Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ички иштер органдарынын катарын милициянын аброюна шек келтирген кара ниет кызматкерлерден тазалоо иштерин улантууда.Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирет.

9 Июль 2024 жыл 12:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча