Жер жүзүндөгү эң ыңгайсыз дүкөн Кытайда табылганын чет элдик басылмалар билдиришти. Ага алгач Twitter (азыркы X) социалдык тармагы, андан соң ММК көңүл бурган. Анда альпинисттер үчүн керектүү тамак-аш, алкоголсуз суусундуктар жана көтөрүлүү учурундагы оокаттар сатылат.
Кытайдын Хунань провинциясындагы Синьюжай улуттук геологиялык паркында алачык сыяктуу кичинекей жыгач дүкөнү жайгашып, альпинисттер үчүн арналган. Ал жерден 120 метр бийиктикте тик жардын боорунда жайгашкан.
Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көпчүлүгү ынгайлуулукту жана укмуштуудай пейзажды айкалыштыруунун инновациялык жолу катары көрүшсө, ал эми башкалары үчүн дүкөндүн кызматкерлери күн сайын ал жерге кантип жетип жаткандыгы кызык.