Кыргызстанга жарым жылга чейин сырттан жумуртка кирбейт.Анткени Өкмөт бул азыкты импорттого убактылуу тыюу салды.
Мындай чечим жумуртка чыгарган ата мекендик ишканалардын кайрылуусунан улам кабыл алынган. Алар ички суроо-талапты канааттандыра аларын айтышкан.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги республикада акыркы эки жылда канаттуулар чарбасында өсүш болуп жатканын, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге көбөйгөнүн билдирген.